Израил Газада ХАМАС кыймылынын объектилерине сокку урду

Газа тилкеси менен Израилдин чек арасындагы көрүнүш. 14-май, 2018-жыл.

Израил бүгүн Газа тилкесинде ХАМАС кыймылынын объектилерине абадан сокку урду. Бул тууралуу Израил армиясынын басма сөз кызматы "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Анда бутага алынган объектилердин төртөө террорчуларга тиешелүү экени, үчөө курал-жарак өндүрүп келгени айтылат.

14-майда президент Дональд Трамптын чечими менен АКШнын элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө каршы чыккан палестиндерге чек арада Израил тараптан ок атылган.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арадагы кагылышта 60тан ашык палестиндик каза таап, 2800дөн көбү жарадар болду.