Ысык-Көлдө калың кардан кийинки чыгым 17 миллион сомдон ашты 

23-24-майда жааган кар Ысык-Көл облусунун аймагында 50 сантиметрге чейин жеткен.

Ысык-Көл облусунда калың жааган кардан кийинки материалдык чыгым алдын ала эсеп боюнча 17 746 213 сомду түздү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, калың кардан аталган облустун Ак-Суу, Тоң, Ысык-Көл, Түп райондору зыян тартты.

Акыркы маалыматтарга караганда, Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 36 жылкы, төрт кулун, 45 уй, төрт музоо жана 2446 баш кой кырылды.

Ысык-Көл облусунда 23-24-майда 50 сантиметрге чейин жеткен кар жааган. Андан келтирилген чыгымдын так саны эсептелип бүтө элек.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда да калың карда 800 кой-эчки жоголгон. Жандыктардын 215инин өлүгү табылган, 100дөн ашыгы изделип жатат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кар малчыларды дүрбөлөңгө салды