Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Көлдөгү сууктан май айында мал кырылды


23-24-майда жааган кар Ысык-Көл облусунун аймагында 50 сантиметрге чейин жеткен.
23-24-майда жааган кар Ысык-Көл облусунун аймагында 50 сантиметрге чейин жеткен.

Малчылар жайлоого чыга баштаган кезде жааган калың кардан Ысык-Көл облусунда үч район жабыркап, бир эле райондо миңге жакын мал кырылганы кабарланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чыгымдын так санын эсептеп бүтө элек. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, айрыкча Түп, Ысык-Көл жана Ак-Суу райондорунун аймагында мал-жанга көп зыян келди. Жергиликтүү бийлик жаратылыш кырсыгында жабыркаган чабандарды кыдырып, абалы менен таанышып жатат. 23-24-майда жааган кар Ысык-Көл облусунун аймагында 50 сантиметрге чейин жеткен.

Беймаал жааган кар кесепети негизинен малын жайлоого көчүрө баштаган чабандарга тийди. Элдин малын баккан Жыргалбек Абышов жаратылыш кырсыгына мал-жанды чогултуп, Түп районунун аймагындагы Турук жайлоосуна көчүп бараткан жолдо туш болду. Ар кайсы жерде өлүп жаткан малды чогултуп жүргөн чабан буларды айтты:

- Элдин малын багам. Мына минтип элүүдөй кой кырылып калды. Азыр буларды чогултуп жатабыз, бир машина жалдаш керек. Ага салып ылдый алып кетпесе, буларды өйдө карай алып кеткенде эмне... Ар бирин ээсине алып барып көрсөтүп, такташабыз. 700 кой бар болчу, отуздай торпок.

Жыргалбек 15 жылдан бери элдин малын алып, жайлоого чыгып багып келет. Буга чейин мындай жутту көргөн эмес экен:

- Мындайды биринчи жолу көрүп жатабыз. Кечинде саат ондон баштап кар жаай баштады, ошону менен таң атканча жаап жибербедиби. Турук жайлоосуна баратканбыз. Бул машиненин алдына корголойлу десек кой-эчкилер тыгылып кирип алып, чыкпай жууркан төшөгүбүздүн баары ит болду.

Жыргалбек жана анын үй-бүлөсү биринчи кезекте медициналык жардамга жана тоютка муктаж болуп турат.

Кар оор түшкөн аймактарда жабыркаган чабандарды кыдырып жүргөн облус губернатору Узарбек Жылкыбаев жана район акими Элчибек Жантаев жардам келатканын айтышты:

- Саат 3-30 болду. Бир саатта чөп келип калат. Бир баланы калтырып, табыштап келгенбиз. Биринчи кезекте ушул жакка, сизге алып келип берет.

Турук жайлоосундагыдай абалга Ак-Суу районуна караштуу Чымынды-Сай жайлоосун жайлаган чабандар да туш болушту. Арал айылынан чабан Казыбек Кыдырбаев тоют келбесе мал жутап, түнү менен ылдый качат деп кооптонуп турат:

- Суукта кар ээрибей жатат. 50 сантиметрдей жаады окшойт. Азыр кар пас болуп калды. Бүгүн түнү катуу суук болот. Малдын алды түндө эле качкан, мал качып жатканда түндө ушул жактан адамдарыбыз тосуп калган. Бул эч нерсе эмес, мына бүгүн түн уйкудан калып бала-бакыранын баарын нөөмөткө коюп атабыз, малды качырып жибербей баарыбыз туралы дедик. Себеби азыр суук, ачка болсо жылуулукту эңсеген мал турбайт. Бир аз чөп келатат дейт. Эл-журтубуз бар экен.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жардам тууралуу буларды айтты:

- Эки районго мамлекет тарабынан бир тоннадан солярка бердик. Андан тышкары миң түк чөп Каракол шаарынан келатат. Айыл өкмөттөр, жайыт комитеттери жардам берүүдө. Эл деле карап турбай, өзү жардам берип атат.

Ал арада Ысык-Көл районунун үч айыл өкмөтүнөн эле кырылган малдын саны миңден ашканы белгилүү болду. Район акими Данир Иманалиев аларды санап берди:

- Тору-Айгыр айыл өкмөтү боюнча 38 баш уй, 9 жылкы, 370 баш кой кардын астында калган. Тамчы айыл өкмөтү боюнча 400 кой, төрт уй, беш жылкы өлгөн. Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү боюнча 244 баш кой, эки баш жылкы, үч баш кулун кардын астында калган. Бардыгы болуп 1014 кой, 42 уй, 19 жылкы кырылган.

Акимдин айтымында, бүгүнкү күнгө карата алдын ала жогорудагы үч айыл өкмөттүн гана маалыматы бар, тактоо иштери уланууда. Тамчы айыл өкмөтүнөн үч үй-бүлө мал-жаны менен айылга көчүрүлдү. Жайлоодо калгандарга тамак-аштан жардам берилип, жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Жайга чукул жааган калың кар алып келген жутта кырылган малдын саны толук саналып бүтө элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баштаган тиешелүү мамлекеттик мекемелер чыгымдарды эсептеп жатышат.

Облустук бийликтин маалыматы боюнча табигый кырсыктын кесепеттерин жоюш үчүн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан өзгөчө кырдаалдар үчүн каралган акчанын эсебинен алыскы жайыттардагы малга тоют сатып алууга жана жеткирүүгө 400 миң сомго чукул акча бөлүндү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG