Эски аянттагы айт намаз

Күбөлөрдүн айтымында, аянтка эл батпай, жол четтеринде да намаз окулду.

Майрамдык намаз саат 7-30да башталды.

Намазга парламент спикери, Бишкек мэри баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Муфтий элге баян жасап, кечиримдүү болууга, кайрымдуулук иштерди көбүрөөк кылууга үндөп, жарандар орозо айындагы бири бирине сый көрсөтүүнү башка айларда деле улантып, адамдардын укугун урматтоону кеңеш берди.

Президенттин куттуктоо сөзүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков окуду.

Бишкекте айт намазын окуу үчүн Эски аянтка 30 миңден ашуун адам чогулду.

Дин аалымдарынын баяндары жана куттуктоолору айтылды.

Бүгүн Бишкектин Эски аянтында миңдеген мусулмандар айт намазга чогулду.