Баткенде элүү үйдү сел каптады

Эң көп жабыркаган Ак-Сай айыл аймагындагы Кара-Бак айылында 45 үйдү суу каптады.

Айылдарды аралап өткөн каналдан ашкан суу Самаркандек айыл аймагында эки үйдүн короолорун каптаса, Чет-Кызыл айылында бир үйдүн, Төрт-Гүл айыл аймагындагы Ак-Өтөк айылында бир үйдүн ичине суу кирип, дубалдарынын жарымын бузуп кеткен.

Ошондой эле Дара айыл аймагындагы Жаңы-Жер айылында бир тоок фермага селдин суусу кирген.

Мындан сырткары ички чарбалык арыктарды жана жолдорду сел жууп кетти.

Тактоо иштерин жүргүзүш үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүнүн ыкчам тобу жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы окуя болгон жерлерге чыгып кетишти.

Баткен облусунун Баткен районунда 15-июнда катуу жааган жаандан улам элүү үйдү сел каптады.