Чыңгыз: 2-3 гана саат уктагам

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Москванын борбордук бөлүгүндө мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кетип, сегиз киши жарадар болду. Айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Анарбек уулу Чыңгыз алгачкы сурак маалында адамдарды кокустан сүзүп алганын, машинени башкара албай калганын билдирген. Тергөөчүнүн “окуя болоорго чейин канча саат рулда болдуңуз?” деген суроосуна “Чынын айтсам, 20 сааттай” деп жооп берди жана ага чейин 2-3 гана саат уктаганын билдирди.