Ички аскерлер Улуттук гвардиянын курамынан чыгарылат

Кыргыз аскерлери.

Кыргызстанда Ички аскерлер Улуттук гвардиянын курамынан чыгарылат. Тийиштүү жарлыкка президенти Сооронбай Жээнбеков 11-сентябрда кол койду. 

"Жарлыктын негизги максаты — коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик системасын жогорулатуу" - деп айтылат расмий кабарда.

2014-жылы аскердик реформалоонун алкагында Ички аскерлер Куралдуу күчтөрдүн түзүмүнө кирген Улуттук гвардиясынын курамына кошулган эле.

Президенттин жарлыгында белгиленгендей, Ички аскерлердин Улуттук гвардиянын курамында болуусу - Кыргызстандын ички коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматтык-күжүрмөн милдеттерди чечүүдө алардын потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.

Global Firepower аскердик-аналитикалык порталы быйыл апрелде жарыялаган рейтингге ылайык, Кыргызстандын армиясы 136 өлкөнүн ичинде 91-орунду ээлеген. Рейтинг кайсыл өлкөнүн армиясы кудуреттуу экенин аныктоо максатында чыгарылат.