Словакияда журналистти өлтүрүүгө буйрук берилгени аныкталды

Братиславада журналист өлтүрүлгөндөн кийинки нааразылык акциялары. 9-март, 2018-жыл.

Словакиянын прокуратурасы журналист Ян Куциак буюртма менен өлтүрүлгөнүн аныктады. Быйыл февралда  журналистти өлтүрүүгө буйрук берген киши 70 миң евро, анын 50 миңин нак акча түрүндө, калганын “мурдагы карызынан” эсебинен деп сүйлөшкөнүн прокуратура жарыялады. 

Прокуратуранын маалыматына караганда, кылмышка шшектүү Томаш С аттуу адамга акчаны 44 жаштагы ишкер Алена берген. Акча кайдан келгени азырынча белгисиз. Куциактын үй-бүлөсүнүн адвокаты Даниэл Липсиц акчаны берген аял “ортомчу” болгон деп боолгоп жатканын Aktuality.sk басылмасы жазды.        

Словакиянын прокуратурасы 27-сентябрда кармалган төрт кишинин бул кылмышка тиешеси бар деп эсептейт. Сот аларды камакка калтырган чечим чыгарды.  

27 жаштагы Ян Куциак менен сүйлөшкөн кызын быйыл февралда борбор шаар Братиславадан алыс эмес жердеги үйүнөн атып кетишкен. Бийлик журналист кесиптик ишмердигинен улам өлтүрүлгөн болушу мүмкүн экенин дароо эле билдирген.

Ян Куциак киши колдуу болгон кезде өлкөсүндөгү саясий коррупцияны иликтеп жаткан эле. Анын өлүмү Словакияда 1989-жылы коммунизм кулагандан берки эң ири нааразылык акцияларын жана мурдагы премье-министр Роберт Фицкону кызматтан кетүүгө аргасыз кылган саясий кризисти жараткан. Бирок премьер-министр алмашканы менен үч партиянын коалициясы бийликте кала берген.