Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:56

Журналисттин өлүмү словак өкмөтүн кулатты


Кызматын тапшырган премьер-министр Роберт Фицо.
Кызматын тапшырган премьер-министр Роберт Фицо.

Словакияда иликтөөчү журналисттин өлүмүнөн тутанган саясий жаңжалдан улам премьер-министр Роберт Фицо отставкага кетти. Президент Андрей Киска өкмөт курамын түзүүнү премьер-министрдин орун басары Петер Пиллигриниге тапшырды.

Шаршембиде Фицо кызматтан кетүүгө даяр экенин айтып, бирок ал үчүн президентке шарт коюп, жаңы өкмөт башчыны тандоо укугун өзүнүн "Смер" социал-демократиялык партиясына берүүнү талап кылган. Ал ошондой эле чукул шайлоо өткөрүү чакырыктарына да каршылыгын билдирген.

"Президент бул шарттарга макул болсо мен эртең эле кызматтан кетүүгө даярмын. Жаңы премьер-министрдин кызматына социал-демократиялык партиянын талапкерин сунуштайм",-деп билдирген Фицо.

Эми президенттин соңку чечими үч партиядан турган учурдагы коалиция сакталаарын, мөөнөтүнөн мурда шайлоо болбой турганын каңкуулап жатат. Жаңы өкмөт түзө турган, премьер-министрлик кызматка келет деп күтүлгөн Пиллигрини кызматтан чегинген өкмөт башчы Фицонун партиясынын мүчөсү.

Ян Куциак менен анын сүйлөшкөн кызы Мартина Кушированын сүрөттөрү.
Ян Куциак менен анын сүйлөшкөн кызы Мартина Кушированын сүрөттөрү.

27 жаштагы журналист Ян Куциакты жана курбу кызы Мартина Куснированы 26-февралда Братиславадан 65 чакырым жердеги Велка-Мака шаарындагы үйүндө белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Буга чейин Словакиянын тарыхында бир да журналист киши колдуу болгон эмес.

Aktuality.sk интернет басылмасы жана Коррупцияны, уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча эл аралык борбор (OCCRP) менен кызматташкан журналист акыркы кезде Евробиримдиктин фондунан Словакияга бөлүнгөн каражатты колдонууга италиялык мафиянын аралашканын, бул ишке премьер-министр Роберт Фицонун тегерегиндеги адамдардын да тиешеси болушу мүмкүндүгүн иликтеп жаткан.

Журналист аягына чейин жазууга үлгүрбөй калган макала “Италия мафиясы Словакиядагы саясатка жетти” деген аталыш менен ал иштеген сайтка гана эмес, тилектештик иретинде бир нече басылмаларга да жарыяланган.

Ян Куциактын киши колдуу болушу өлкөнүн бир катар шаарларында 1989-жылдан берки эң ири нааразылык акцияларын жаратып, ага катышкан он миңдеген адамдар өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылышкан.

"Менимче, элге өз пикирин билдирип чыгууга мезгил келди. Алар бул сыяктуу кол салуулар болбогон, коопсуз жана демократиялык Словакияга муктаж экенин ачык айтышы керек",-деп билдирген февралдын аягындагы митингдердин катышуучусу, Братиславанын тургуну Любомир Корчек.

Братиславадагы демонстрация, 28-февраль, 2018-жыл.
Братиславадагы демонстрация, 28-февраль, 2018-жыл.

Өзүнүн дарегине айтылган сындарды четке каккан мурдагы премьер-министр Роберт Фицо эгер журналист кесибинен улам өлтүрүлсө, бул “демократияга жана сөз эркиндигине чоң сокку” экенин белгилеп, бийлик кылмышка шектүүлөрдү табыш үчүн колдон келишинче аракет кылып жатканын билдирген.

Бирок журналисттин өлүмүнө шектүү деп кармалган жети адамга айып тагылбай коё берилгенден кийин өткөн аптада Словакиянын президенти өкмөт кескин өзгөрүүгө муктаждыгын же чукул шайлоо өтүшү керектигин айтып чыккан.

Журналист өлтүрүлгөндөн кийин премьер-министрдин жардамчысы Мария Трошкова, Коопсуздук кеңешинин катчысы Вилиам Ясань, башкаруучу партиянын мүчөсү, маданият министри Марек Мадьярич кызматтан кетишкен. Эки күн мурда Ички иштер министри Роберт Калинак да кызматтан чегинген.

Премьер-министр кызматтан кеткенине карабастан 16-мартта Словакияда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылган ири демонстрациялар өтөт деп күтүлүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG