Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Журналисттин өлүмү саясий кырдаалды козгоду


Ян Куциак менен анын сүйлөшкөн кызы Мартина Кушированын сүрөттөрү.
Ян Куциак менен анын сүйлөшкөн кызы Мартина Кушированын сүрөттөрү.

Словакияда иликтөөчү журналисттин киши колдуу болушу саясий араздашууга алып келди. Президент өлкөнү саясий кризиске кептебеш үчүн өкмөттү өзгөртүүнү талап кылса, премьер-министр бул маселени коалициялык өнөктөштөр же парламент гана чечээрин айтты. Премьерге жакын адамдардын мафия менен байланыштарын иликтеген Ян Куциакты белгисиз бирөөлөр 25-февралда үйүнөн атып кетишкен.

Президент Андрей Киска өкмөттүн курамына өзгөртүү киргизүүнү же эртелеп шайлоо өткөрүүнү талап кылды. 4-мартта, журналист Ян Куциак жана анын сүйлөшкөн кызы жайына берилген күндүн эртеси жасаган телекайрылуусунда мамлекет башчы саясий кризистин алдын алыш үчүн бардык партиялар менен сүйлөшүү жүргүзүүгө ниеттенип жатканын билдирди:

- Эми мен эки гана жолду көрүп жатам. Өкмөт түп-тамырынан реконструкцияланып, коомду жаатташтырып бөлбөгөндөй, парламенттин колдоосун тапкандай болууга тийиш же болбосо кезексиз шайлоо өткөрүлүшү керек. Көпчүлүк демократиялык өлкөлөрдө бул - кырдаалдан чыгуунун табигый жолу.

Словакиянын президенти Андрей Киска
Словакиянын президенти Андрей Киска

Президент элдин ишенимин калыбына келтириш үчүн кабинеттен саясий план, сунуштарды күткөнүн, бирок эч кандай чара көрүлбөгөнүн айтты. “Кээ бирлери кызматын тапшырып кетишти, бирок эч кандай план жок", - деди Киска.

Ян Куциакты 25-февралда Братиславадан 65 чакырым жерде жайгашкан кыштактагы үйүнөн сүйлөшкөн кызы менен кошо атып кетишкен. Бир нече күндөн кийин маданият министри кызматтан кетти. Марек Мадарич: “Мен бул кызматты ээлеп турган тушта журналисттин киши колдуу болушун кабыл ала албайм”, - деп билдирген.

Кылмыштын бети ачыла элек, бирок 27 жаштагы репортердун кесиптештери аны Куциак жүргүзгөн иликтөө менен байланыштырышат. Маркум Италия мафиясынын Словакия өкмөтүнө тийгизген таасирин териштирип жаткан. Атап айтканда, Куциак премьер-министр Роберт Фицонун айланасындагы айрым кишилерди "мафиялык топторго жакын италиялык ишкерлер менен кызматташчу" деп айыптаган.

Словакиядагы митинг.
Словакиядагы митинг.

Журналист аягына чейин жазууга үлгүрбөй калган макала “Италия мафиясы Словакиядагы саясатка жетти” деген аталыш менен ал иштеген сайтка гана эмес, тилектештик иретинде бир нече басылмаларга да чыкты. Ишембиде кылмышка байланыштуу буга чейин кармалган алты киши кое берилгени маалымдалды.

Өкмөт башчы өкмөттүн дарегине айтылган сынды четке кагып, президенттин сунушу 2016-жылкы парламенттик шайлоого шек келтирет деп жооп берди:

- Президент өз билдирүүсү менен оппозициянын таламын талашууда. Өкмөттөгү өзгөрүүлөр коалициялык өнөктөштөрдүн макулдашуусу менен гана жасалат. Конституцияда президентке бул процессте эч кандай роль каралган эмес. Эрте шайлоо 90 депутат колдоп добуш бергенде гана өткөрүлөт.

Журналисттин өлтүрүлүшү баркут революциясынан берки эң чоң демонстрацияларга алып келди.

2-мартта Братиславадагы акцияга чогулгандар эки маркумду эскерип, кылмышты тезирээк иликтөөгө чакырышты. Алар “Журналистке кол салуу – бардыгыбызга кол салуу”, “Мафия өлкөмөн кетсин” деген ураандарды көтөрүп чыгышты. Кээ бирлер премьер-министрдин кеңсеси жайгашкан имаратка чейин жүрүш жасап, Фицону отставкага кетүүгө чакырышты.

Үч саясий партиядан турган коалициялык өкмөттүн өнөктөштөрдүн бири ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылып, тергөөнү чет өлкөлүк адистердин жардамы менен жүргүзүүнү сунуш кылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG