АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөлүк лидерлерге болгон ишеним тизмесинде акыркы сапты ээледи. Мындай иликтөөнү америкалык "Pew Research Center" уюму жүргүзгөн. Сурамжылоого 25 өлкөдөн 26 миң киши тартылган.
Тизменин башында Германиянын канцлери Ангела Меркел турат, ага сурамжылоого катышкандардын 52% ишеним көрсөткөн. Экинчи сапта француз президенти Эммануэл Макрон, андан кийин Кытайдын лидери Си Цзинпин турат. Орусиянын президенти Владимир Путин тизмеде төртүнчү орунду ээледи. Ага суралгандардын 62% ишенерин айтышкан.
Кошмо Штаттардын президенти Трамп тизменин этегинде турат. Суралгандардын 70% ага ишенбей турганын билдиришкен.
Трамптын рейтинги менен кошо АКШнын да рейтинги ылдыйлаган. Сурамжылоого катышкандар Вашингтондун тышкы саясатын туура көрбөй турганын айтышып, Трамп глобалдык маселелерди чечүүгө көңүл бурбай жатканын белгилешкен.
Америкалык иликтөө борборунун сурамжылоосу Дональд Тармптын президенттик кызматка киришкенинин эки жылдыгын утурлай жүргүзүлгөн.