Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

БУУ: Трамп менен Роухани кайым айтышты


Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын бүгүн жалпы дебаттардын экинчи күнү. Анда кечээ сөз алган АКШ президенти Дональд Трамп дүйнө мамлекеттерин Иран өкмөтүн ал “агрессиялык” деп атаган саясатты улантып жатканы үчүн изоляциялоого чакырса, өз кезегинде Иран президенти Хасан Роухани АКШны “экономикалык терроризм” үчүн айыптады. Трамп 26-сентябрда Иран проблемасын БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумунда төрагалык кылган учурда да көтөрөт деп күтүлүүдө.

Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттары баш катчы Антонио Гутеррештин дүйнө мамлекеттерин бир тараптуулукка эмес, кызматташтыкка үндөгөн сөзү менен ачылды.

Гутерреш дүйнө азыр “ишеним таңкыстыгынан” жабыр тартып жатканын эске салды. Ал эми трибунага үчүнчү болуп чыккан АКШ президенти Дональд Трамп Иранды сөзүнүн экинчи бөлүгүндө кескин айыптады:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Биз терроризмдин дүйнөдөгү башкы демөөрчүсүнө планетанын эң опурталдуу куралына ээлик кылуусуна жол бере албайбыз. "Америкага өлүм" деп кыйкырган, Израилди жок кылуу менен коркуткан режимге өзөктүк дүрмөттү дүйнөдөгү кайсы шаар болсун жеткире алгыдай каражатка ээ болуусуна жол бере албайбыз. Биз бардык мамлекеттерди Ирандын режимин агрессиясын улантып жаткан шартта изоляциялоого чакырабыз, биз бардык өлкөлөрдү Иран элин колдоого үндөйбүз. Анткени алар болгон күч аракети менен диний жана укуктук тагдырын кайтарып алууга умтулуп жатат. Иран келишими анын лидерлери үчүн күтүүсүз болгон. Ал келишимден кийинки жылдары өлкөнүн аскерий бюджети 40% өстү. Диктатура бул каражатты өзөктүк дүрмөтү бар ракеталарды жасоо, ички репрессияларды күчөтүү, терроризмди, Сирия менен Йемендеги хаосту жана кыргынды каржылоо үчүн колдонду, - деди Трамп.

Анын бирок Иранды изоляциялоо чакырыгын Башкы ассамблеядагы сөздөрүндө АКШнын НАТО боюнча өнөктөштөрү: Түркия менен Франциянын президенттери Режеп Тайып Эрдоган жана Эммануэл Макрон сынга алышты:

Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

- Биз Иран боюнча кырдаалды кантип жөнгө салабыз жана жылыш жасообузга буга чейин эмне мүмкүнчүлүк берди эле? Саналуулардын бийлигиби же эң күчтүүнүн бийлигиби? Жок. Биз билгендей курчуп кеткен кырдаалды 2015-жылкы Вена келишими токтоткон. Бүгүн мен бир жыл мурда эле айткандай, биздин милдет-чыңалуунун чырагына май тамызбастан, Ирандын саясаты жараткан бардык: өзөктүк курал, баллистикалык ракета, аймактык маселелерди камтыган кеңири күн тартипти кароо. Бирок бул диалог жана көп тараптуу жол менен кетүүсү керек, - деди Макрон.

Ал эми Улуттар уюмунун трибунасына дүйнө лидерлери арасынан он төртүнчү болуп көтөрүлгөн Иран президенти Хассан Роухани өз кезегинде АКШнын азыркы бийлигинин дарегине ачуу сөздөрүн жолдоду:

Хассан Роухани.
Хассан Роухани.

- Кошмо Штаттардын өкмөтү, бери дегенде азыркы администрациясы эл аралык институттардын баарын натыйжасыз кылууну көздөп тургандай. Коопсуздук кеңеши жактырган көп тараптуу келишимден бардык эл аралык нормаларды бузуу менен баш тарткан бул өкмөт бүгүн Иранды эки тараптуу сүйлөшүүлөргө чакырууда. Иранды сүйлөшүүгө чакырган өкмөт өз эксперттери менен кеңешүүгө да даяр эмес, заманбап мамлекеттин талаптарын да тааныгысы келбейт. Мыйзамсыз, бир тараптуу санкциялар экономикалык терроризмдин бир түрү жана өнүгүү укугун бузгандык. Жаңы санкцияларынын алкагында АКШ демилгелеген экономикалык согуш Иран элине эле каршы багытталган эмес, андан башка мамлекеттердин эли үчүн да зыяндуу кесепеттер болот, - деди Роухани.

АКШ президенти Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы көп тараптуу келишимден чыкканын быйыл майда жарыялаганда Тегеран баллистикалык ракеталарын сыноо, террорчул топторду колдоо менен ал келишимдин маңызын бузуп жатканын жүйө келтирген.

АКШдагы ирандыктардын жана президент Роуханинин оппоненттеринин БУУнун кеңсеси сыртындагы нааразылык акциясы. 25-сентябрь, 2018-жыл.
АКШдагы ирандыктардын жана президент Роуханинин оппоненттеринин БУУнун кеңсеси сыртындагы нааразылык акциясы. 25-сентябрь, 2018-жыл.

Андан бери АКШнын Иранга каршы экономикалык санкцияларынын биринчи бөлүгү август айында калыбына келди. Экинчи жана негизги, мунай-газ секторун бутага алган санкциялар ноябрь айынан тарта күчкө киргени турат.

Муну утурлай 2015-жылкы келишимдин европалык катышуучулары: Евробиримдик, Британия, Франция, Германия Иран менен соода жана бизнес жүргүзүүдө америкалык санкциядан кыйгап өтүүгө мүмкүндүк берген альтернативалуу төлөм системасын түзүүнү караган планды сунуш кылышты.

АКШ азырынча чоо-жайы белгисиз бул планды сынга алды, санкцияларды кимдир бирөөлөр буйтап өтүшүнө жол бербей турганын да эскертти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG