АКШнын Иранга каршы жаңы санкциялары күчүнө кирди

АКШ президенти Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын Иранга карата экономикалык санкцияларынын экинчи баскычы бүгүн (5-ноябрда) күчүнө кирди. Президент Дональд Трамп "буга чейинкилеринен эң күчтүүсү" деп мүнөздөгөн санкциялар Ирандын энергетика, кеме куруу, финансы тармактарын бутага алат.

Санкцияларга ылайык, Ирандын кардарлары бул өлкөдөн мунай сатып алууну токтотушу керек. Антпесе алар АКШнын экономикалык чараларына туш болот. Ошол эле учурда сегиз "юрисдикцияга" 180 күнгө Ирандан мунай алууну улантууга уруксат берилди. Бийлик өкүлдөрү бул топко кайсы өлкөлөр киргени ушул аптада ачык айтылаарын билдиришти. 

Санкциялар Вашингтон Тегерандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы көп тараптуу келишимден чыгып кеткенине байланыштуу калыбына келүүдө.

АКШ Ирандын чөлкөмдөгү "зыяндуу" иш-аракетин токтотуп, Тегерандын "жүрүм-турумун өзгөртүү" үчүн ушул кадамга барып жатканын билдирип келет. Ирандын президенти Хасан Роухани 5-ноябрдагы телекайрылуусунда өз өлкөсү "согуштук абалга" туш болгонун айтып, мунай соодасын улантыш үчүн АКШнын санкцияларынан буйтап өтөөрүн белгиледи. 

АКШ Иранга каршы санкцияларынын биринчи бөлүгүн август айында жарыялаган. Ал санкцияларга ылайык, Тегерандын коммерциялык учактарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү чектелген. Ошондой эле Ирандын автоунаа жана металл өндүрүшүнө, килем соодасына карата чектөөлөр киргизилген.