Финансы полициясы “Акнетти” текшерүүдө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги "Акнет" телекоммуникациялык компаниянын башкы кеңсесин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерүүдө. Маалыматка ылайык, Финансы полициясынын колунда компанияны текшерүүгө алуу үчүн соттун уруксаты бар. Ишкана ири өлчөмдө салык төлөбөгөнү боюнча арыз түшкөн. Бирок компаниянын өкүлдөрү мурда аткаруучу директор болуп иштеп кеткен Руслан аттуу жаран "Акнетке" каршы негизсиз арыз берип, компанияны рейдерлик жол менен тартып алууну көздөп жатканын айтышууда.