Бурулайдын иши: тараптардын кайым айтышы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча соттук териштирүү уланууда. Бул жолу күбөлөр толук суралып бүтүп, материалдарды изилдөө иштери жүрдү. Сот отурумунда Марс Бөдөшевдин жактоочулары отурумга кылмыш учурунда колдонулду делген бычакты алып келүүнү өтүнүп, Бөдөшевге психологиялык экспертизаны дайындоону суранышты. Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиевдин жактоочулары экинчи тараптын өтүнүчтөрүн ишти созуу аракети деп эсептеп жатышат.