ЖКК: Журналистти түрмөгө салуу адатка айланды

Саудиялык журналист, маркум Жамал Хашогжи (Хашогги) жана Мьянмада кесилген "Reuters" агенттигинин журналисттеринин аялдары "Тime" журналынын башкы бетинде. 11-декабрь, 2018-жыл.

Авторитардык режимдер журналисттерди түрмөгө салып, кысымга алуунун жаңы түрүнө өтүштү. Бул тууралуу Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитеттин баяндамасында айтылат. Үч жылдан бери дүйнөдө 250дөн ашуун журналист, анын ичинде 33 журналист аял кесибинин айынан түрмөгө камалган. Абактагы журналисттердин басымдуу бөлүгү Түркияда, Кытайда жана Сауд Арабиясында. Түркияда кеминде 68 журналист темир тор артында отурса, Кытайда 47, ал эми Сауд Арабиясында 16 киши камакта. Былтыркыга салыштырганда Бээжин менен Эр-Рияддын “каарына калган” журналисттер көбөйдү.

Журналисттердин 70% "терроризм жана мамлекетке каршы ишмердүүлүгү үчүн" деген айып менен кармалган. 28 кишиге «жалган маалымат тараткан» деген кине коюлган. Баяндаманын авторлору алардын арасынан саясат жана адам укуктары тууралуу жазгандар узак мөөнөткө жазага тартылып жатканын белгилешет.

Уюмдун тизмесинде мамлекеттик түрмөлөргө камалган журналисттер гана камтылган. Ал эми дайынсыз жана ар кандай топтордун колуна түшкөн журналисттер кирген эмес.

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитеттин аткаруучу директору Жоэл Саймон «Журналисттерге каршы үрөй учурган чабуулдар кийинки убакта күчөдү. 250дөн ашуун журналист окуяларды чагылдырганы үчүн гана эркинен ажыраган» - деп айтты.