Мигранттарды салган автобустун айдоочусу жети жылга кесилиши мүмкүн

Саратов облусунда темир жол өткөөлүндө поезд менен кагылышкан автобус, 19-ноябрь, 2018-жыл.

Казакстандан өзбек жарандарын салып баратып, Орусиянын Саратов облусунда кырсыкка кабылган автобустун айдоочусу жети жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Былтыр 17-ноябрда  Саратов облусунда киши салган автобус жүк ташыган поезд менен кагылышып, беш өзбек жараны көз жумган. Айдоочу менен анын жардамчысы – казак жарандары оор абалда ооруканага жеткирилген.    

Полиция 61 жаштагы автобустун айдоочусуна “жол эрежесин бузуп, эки же андан көп адамдын өлүмүнө жеткирген” деген кине коюп, кылмыш ишин козгогон. Эгер сотто айдоочунун күнөөсү далилденсе, жети жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.  

Полициянын маалыматында Kaessbohrer автобусунун айдоочусу аба ырайы бузулуп тургандыктан жакындап калган поездди байкабай жолго чыга калган.