Орусиянын Коргоо министрлиги шаршембиде басма сөз жыйынын өткөрүп, талаштуу 9M729 ракетасына техникалык мүнөздөмө берди. Вашингтон мындай ракеталарды чыгаруу эки өлкө ортосундагы “келишимди бузаарын” айтып келе жатат. Былтыр октябрда президент Доналд Трамп Кошмо Штаттар 1987-жылы түзүлгөн келишимден чыгаарын билдирген. Москва "келишимди бузууда" деген айыптоону четке какты.
Москванын четиндеги Патриот паркындагы басма сөз жыйынына Орусиядагы чет өлкөлүк аскердик өкүлдөр чакырылган. Орус армиясынын артиллерия жана ракета күчтөрүнүн башчысы, генерал-лейтенант Михаил Матвеевский 9М728 үлгүсүндөгү ракетаны жана анын заманбап версиясын, АКШ доомат арткан 9М729 ракетасын көрсөттү.
"9M729 ракетасынын максималдуу учуу аралыгы 9М728 ракетасына караганда 10 чакырымга кыскарып, 488 чакырымды түзөт" деди Матвеевский.
Орусия армиясынын генералы АКШ менен Орусия ортосундагы өзөктүк ракеталар жөнүндө келишимде каралган “500 чакырымдык чек сакталганын” белгиледи. Генералдын айтымында, жаңы жабдуудан улам ракетанын тулкусу узунурак болуп калды. Ошондой эле мурдагыга караганда кубаттуу жана бутага таамай тиет.
Бирок АКШ жана союздаштары башка версияны карманышат. АКШнын Коргоо министрлиги америкалык атташе жана башка Батыш дипломаттары шаршемби күнкү брифингге катышуудан баш тартышканын билдирди.
Европанын коопсуздугунан улам НАТО Орусиянын талаштуу куралына олуттуу көңүл бурат. Ал ракеталар Түндүк Америкага жете албаганы менен Европаны бутага алуу үчүн жасалган.