Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

АКШ элчиси орус ракеталары жок кылынарын эскертти


Орусия Жер ортолук деңизиндеги кемесинен Сириядагы буталарга канаттуу ракета аткан учур. 14-сентябрь, 2018-жыл.
Орусия Жер ортолук деңизиндеги кемесинен Сириядагы буталарга канаттуу ракета аткан учур. 14-сентябрь, 2018-жыл.

Брюсселде бүгүн НАТОнун коргоо министрлеринин эки күндүк жыйыны башталууда. Аны утурлай Кошмо Штаттар Орусия ракеталар боюнча мындан отуз жыл мурда кол коюлган келишимдин шарттарын бузуп жатканын дагы бир жолу эске салып, НАТОдогу өнөктөштөрүн бул жагдайга олуттуу көңүл бурууга чакырды. Ал түгүл АКШнын Түндүк Атлантикалык Альянстагы элчиси өз өлкөсү Орусиянын келишимде тыюу салынган ракеталарын жок кыла аларын да эскертип өттү. Кайра бул сөзүнө 3- октябрда түзөтүү киргизди.

Кошмо Штаттардын НАТОдогу элчиси Кей Бейли-Хатчинсондун 2-октябрда Брюсселден айткан сөздөрү аскердик чөйрөдө Вашингтондун Москвага 2017-жылдан берки түз эскертүүсү катары каралууда.

Былтыр америкалык расмий өкүлдөр эгер "Орусия Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча" (INF) 1987-жылкы келишимди буза берсе, Вашингтон буга каршы өзүнүн системасын түзүүнү караштыра турганын айтышкан. Түндүк Атлантикалык Альянстын баш кеңсесиндеги АКШнын элчиси Орусияны 9М729 аттуу канаттуу ракеталарды жасоону токтотууга чакырды.

Кей Бейли Хатчинсон. Брюссел, 2018-жыл.
Кей Бейли Хатчинсон. Брюссел, 2018-жыл.

- Биз Орусияга ал Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимди бузуп жатканын билерибизди түшүндүрүүгө бир нече жылдан бери аракеттенип жүрөбүз. Ал түгүл Орусияга ал келишимди бузуп, орто аралыктагы баллистикалык ракеталарды жасап жатканынын далилдерин көргөзүп да бердик. Бул - факт. Кошмо Штаттар бул келишимден чыккысы келбейт, келишимди бузуу ниети да жок. Бирок, эгер Орусия далилдердин айныксыздыгына карабай, дагы эле "келишимди бузган жокпуз" деп айта берсе, анда дипломатия күчөтүлүшү абзел. Биз бул маселе боюнча Орусияны сүйлөшүү столуна алып келүүнүн бөлөк жолдорун караштырышыбыз керек. Бул абдан маанилүү, - деди элчи Кей Бейли Хатчинсон. Ал АКШ дипломатияга артыкчылык берерине кайрылып, бирок эгер зарыл болсо бул иште аскердик чарага бара аларын да ишараи кылды. Хатчинсон “биз өнөктөш өлкөлөрдүн кайсынысы болбосун коркунуч туудурган (орусиялык) ракетаны жок кылуу мүмкүнчүлүгүн карап көрөбүз” деп айтты. Элчи ошондой эле АКШнын “контрчаралары Орусия келишимди бузуу менен жасап жаткан ракеталардын” коркунучун жоготууга багытталарына токтолду.

Бирок 3-октябрда элчи "Твиттердеги" баракчасында мурдагы сөздөрүнө тактоо киргизип, анын айткандары "Орусияга алдын ала сокку тууралуу эмес, аны келишимди сактоого кайтаруу" жөнүндө экенин белгиледи.

Мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин президенти Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана кургакта жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган.

Михаил Горбачев жана Рональд Рейган "Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча (INF)" келишимге кол коюуп жаткан учур. Вашингтон, 8-декабрь, 1987-жыл.
Михаил Горбачев жана Рональд Рейган "Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча (INF)" келишимге кол коюуп жаткан учур. Вашингтон, 8-декабрь, 1987-жыл.

​Бирок Вашингтон Москваны ошол келишимдин шарттарын бузуп жатканы үчүн акыркы жылдары такай айыптап келет. Орусия болсо өз кезегинде АКШнын дооматтарын дайыма четке кагат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШ элчисинин соңку сөздөрүн “жоопкерчиликти жана агрессивдүү риториканын коркунучтуулугун сезбеген” билдирүү деп мүнөздөдү. Ага Орусиянын аскердик эксперттери кеңири жооп берерин кошумчалады.

Орусиянын Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишимди бузуп жатканы НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин 3-4-октябрдагы жыйынында кайрадан талкууланган турат.

Түндүк Атлантикалык Альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг 2-октябрда Брюсселден кабарчыларга сүйлөп жатып НАТО өлкөлөрүнүн баары Орусия ракеталар боюнча 1987-жылкы келишимди бузууда деп эсептешерин ырастады. Ага чейин Столтенберг өткөн аптада Улуттар Уюмунда Орусия боюнча буларды айткан:

Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

- НАТОнун максаты - жаңы кансыз согуш эмес. Биз жаңы жарыша куралдануудан, кансыз согуш доорунан оолак болгубуз келет. Андыктан Орусия менен мүмкүн болушунча конструктивдүү иштөөгө аракеттенип жатабыз. Биз кийинки убакта Жер ортолук деңизинин чыгыш ыптасында, Орусиянын аскердик кубаты кыйла артканына, аскер-деңиз күчтөрү көбөйгөнүнө абдан кылдат көз салуудабыз. Биз Орусия жасагандарын учакка-учак же кемеге-кеме деп туураган жокпуз, бирок Жер ортолук деңизинин чыгышында биздин дагы аскердик турумубуз бар.

НАТО учурда "Trident Juncture" аттуу ири аскердик машыгуусуна даярданууда. 2002-жылдан берки эң ири аскердик машыгуу 25-октябрдан тартып эки аптага созулуп, ага 30 мамлекеттен 40 миңдей аскер катышары күтүлүүдө.

Машыгуунун аймагы чыгышта Финляндия менен Балтика деңизинен тартып батышта Исландияга чейин созулат.

Орусия болсо өткөн айда өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө 1981-жылдан берки эң ири аскердик машыгуусун өткөрүп, ага 300 миңдей аскер тартылган.

Москва 2014-жылы Крымды аннексиялагандан кийин НАТО "Чыгыш фланг", Орусия "Батыш фланг" деп атаган аймактарда эки тарап тең аскердик турумдарын чыңдаган.

Ошондой эле алар бул аймактарда буга чейин бир нече ирет аскердик машыгууларды уюштурушту.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG