Куинджинин уурдалган сүрөтү табылды, шектүү кармалды

Архип Куинджинин "Ай-Петри.Крым" эмгеги.

Подмосковьенин Одинцовский районунда сүрөтчү Архип Куинджинин бир күн мурда Третьяков галереясынан уурдалган "Ай-Петри. Крым" сүрөтү табылды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып орус медиасы уурулукка шектүү киши кармалганын жазып чыкты. Сүрөт "жаңы курулуп жаткан объектинин аймагында" табылганы кабарланды. 

Аты-жөнү аталбаган 31 жаштагы шектүү өз күнөөсүн мойнуна алган эмес. Ал мурда да мыйзамсыз баңгизат сактаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы айтылды.

Орусиянын Ички иштер министрлиги жарыялаган видеодо шектүү "Ай-Петри. Крым" деген сүрөттү чак түштө элдин көзүнчө эле рамкасынан чыгарып, алып кетип калган. Көргөзмөгө келгендер аны музейдин кызматкери деп ойлогонун айтышкан. 

Третьяков галереясында "Архип Куинджи" деп аталган көргөзмө былтыр 6-октябрда ачылган. 17-февралга чейин улана турган иш-чарага сүрөтчүнүн 180дөн ашуун эмгеги коюлган.