Американын чыгышындагы Алабама штатында жекшемби күнү болгон катуу куюн кеминде 23 кишинин өмүрүн кыйды. Алардын арасында балдар да бар. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады. Ли аймагынын шерифи Жей Жонстун айтымында, табият кырсыгынан каза тапкандардын саны дагы өсүшү ыктымал.
Кошмо Штаттардын Улуттук метеокызматынын маалыматына караганда, куюндун өзөгүндө шамалдын ылдамдыгы саатына 266 чакырымга чейин жетти. Катуу шамалдан бак-дарактар түп тамыры менен жулунуп, электр зымдары үзүлүп, турак жай жабыркады. Штаттын төрт миңдей тургуну электр жарыгысыз калды.
Метеорологдор куюндун артынан аба ырайы кескин муздап, суук жүрөрүн эскертип жатышат. Куюндун кесепети коңшу Жоржия штатында да тийди. АКШнын президенти Дональд Трамп "Твиттер" аркылуу курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, жергиликтүү тургундарды сак болууга жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.