Майкл Коэн Трамптын компаниясын сотко берди

Майкл Коэн.

АКШ президенти Дональд Трамптын мурдагы адвокаты Майкл Коэн "The Trump Organization" компаниясын сотко бергенин "Reuters" агенттиги кабарлады.

Коэн компаниядан юридикалык тейлөө үчүн эки миллион долларга жакын каражат өндүрүп берүүнү талап кылууда.  

Доо арызда Коэн атайын прокурор Роберт Мюллердин комиссиясы менен иштеше баштагандан кийин Трамптын компаниясы юридикалык чыгымдарды төлөөнү токтоткону жазылган. Мюллердин тобу 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого Орусиянын мүмкүн болгон кийлигишүүсүн иликтеп жатат. 

27-февралда Майкл Коэн Конгрессте көрсөтмө берип, Трампты "шылуун жана расист" деп атаган.  Коэндин сөзүнө караганда, президент 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгү учурунда Москвадагы "Trump Tower" долбоору боюнча жасалып жаткан иштерди  билген, аларды башкарган, бирок кийин бул тууралуу жалган сүйлөгөн. Трамп Коэндин билдирүүсүн четке каккан. 

52 жаштагы Майкл Коэн былтыр 12 -декабрда салык төлөөдөн качканы, шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча мыйзамды бузганы, Конгресске жалган маалымат бергени үчүн күнөөлүү деп табылып, үч жылга түрмөгө кесилген. Ошондой эле ал Конгресске Трамптын Орусиядагы мурдагы бизнес пландары боюнча жалган маалымат берген. Коэн бул эки иште тең күнөөлүү экенин моюнга алган.