Баткен: чек арадагы кырдаалдын көрүнүшү

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 14-марттагы расмий билдирүүсүндө жаңжалдан Таш-Тумшук участогунда бир үй, «Аudi» үлгүсүндөгү бир автоунаа, КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын бир чиркегичи өрттөнгөнүн кабарлады.

13-мартта мылтыктын огунан 43 жаштагы Хусейн Хакимов аттуу тажикстандык жаран мерт болгон. 14-мартта кыргыз-тажик чек арасында Рафоуддин Тешаев аттуу дагы бир тажик жараны каза тапты.

14-мартта Баткен облусунун Ак-Сай айылында ок атылып, анда жарадар болгон адам Баткен облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылды. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасында ок тийген адам милиция кызматкери экенин ырастаган билдирүү таратты.

Жаңжал чыккан участкалардагы абалды чек арачылар жана милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турат. Мурдараак Көк-Таш айылында жолдо чогулгандар көбөйүп бараткандыктан бир нече милиция кызматкери Ош-Исфана автожолун тосуп койгон.

Мамлекеттик чек ара кызматы абал курчуп кеткенин ырастап, эки тараптын чек ара кызматы эскертүү катары окторду асманга атып жатканын кабарлаган.

14-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы абалды талкуулады.

13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан.