«Айкөл Ала-Тоонун» жетекчиси Финполицияга сурак берип чыкты

Амантур Жамгырчиевге Финполициядан келген чакыруу.

«Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси Амантур Жамгырчиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) сурак берип чыкты. Бул тууралуу маалымат мекемеден алынды.

Жамгырчиевге кошулуп мурда суракка чакырылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү, парламенттин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев учурда уюмдун мүчөлөрү менен кошо Финполицияга барды. Жамгырчиев бул мекемеге 18-мартка да чакырылды.

Мискенбаев менен Жамгырчиев 25-26-28-январь күндөрү сөз болуп жаткан мекемеге кирип тогуз-он сааттан сурак берип чыгышкан. Алар анда көмүр чырына байланыштуу көрсөтмө беришкен.

Финполициянын басма сөз катчысы Анастасия Пискур Мискенбаев тууралуу кенен комментарий берген жок.

Мээрбек Мискенбаевге байланыштуу иш 2016-жылы башталган. «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин өкүлү Марипа Алыйкулова «Мискенбаев бул уюмду жетектеп турган учурда апрель ыңкылабынын катышуучулары үчүн кайтарымсыз жардам катары берилген, баасы 2 миллион сомдук көмүрдү сатып жиберген» деп айыптаган. Отунду «Кыргызкөмүр» ишканасы бергени айтылган.

2018-жылы Алыйкулова Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка арыз жазып, аталган мекеме алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. «Азаттык» радиосундагы маегинде Мискенбаев өзүнө коюлган айыптарды четке каккан. (ErN)