Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

КСДП: Мискенбаев ишемби күнү да кечке сурак берди


Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) мүчөсү, парламенттин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев 26-январда да тогуз сааттай сурак берди.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдиргендей, ал эртең менен саат тогузда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында сурак берип, кечки саат алтыдан өткөндө чыкты. Кийинки сурак 28-январга белгиленди.

Мискенбаев 25-январда да 11 саат сурак берген.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур Мискенбаев бир күн мурда суракка чакырылганын ырастап, андан башка маалымат бөлүшкөн эмес.

Мээрбек Мискенбаевге байланыштуу иш 2016-жылы башталган. “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин өкүлү Марипа Алыйкулова "Мискенбаев бул уюмду жетектеп турган учурда апрель ыңкылабынын катышуучулары үчүн кайтарымсыз жардам катары берилген, баасы 2 миллион сомдук көмүрдү сатып жиберген" деп айыптаган. Отунду “Кыргызкөмүр” ишканасы бергени айтылган.

2018-жылы Алыйкулова Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына арыз жазып, аталган мекеме алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. “Азаттык” радиосуна берген маегинде Мискенбаев өзүнө коюлган айыптарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG