Орусия кылмыш дүйнөсүндөгүлөргө жазаны күчөтөт

Орус полициясынын иши. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы кылмыш топторун түзгөндөрдү, алардын курамына киргендерди жазалай турган мыйзам долбоорун үчүнчү, акыркы окууда жактырды.

Эми Кылмыш-жаза кодексине жаңы берене кошулуп, кылмыш тобунун лидери катары таанылган адам 8-15 жылга эркинен ажыратылат жана тышкары 5 млн. рублге чейин айыпка жыгылат. Шарттуу жаза берилбей турган болду.

Ал эми уюшма топтун курамында жүргөндөр 12-20 жылга эркинен ажыратылат.

Кылмыш топторунун же алардын лидерлеринин жыйыны тууралуу кабарлаган, алардын ишмердигин тыюуга көмөктөшкөн жана өзү уюшма топтун катарынан чыкканын билдирген адам жазадан кутулары мыйзамда көрсөтүлгөн.

Тийиштүү мыйзам долбоорун февралдын ортосунда президент Владимир Путин сунуш кылган.

Орусиядагы бул демилгени Кыргызстанда да ишке ашыруунун зарылдыгы тууралуу кыргыз парламентинде да сөз болгон.