Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Криминалга каршы мыйзамдарды күчөтүү сунушталды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда кылмыштуу топтордун башчыларына каршы мыйзамдарды күчөтүүнү сунуш кылууда. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Орусия Кылмыш-жаза кодексине «криминалдык авторитеттерге» каршы жаңы берене киргизип жатканын мисал келтирип айтты:

- Мамлекеттик Думада бул мыйзам долбоору азыр үчүнчү окууда каралууда. Мисалы, ким өзүн «мыйзамдагы ууру», «көзөмөлдөөчү» же башка кандайдыр бир криминалдык макамы бар экенин мойнуна алса, ал дароо жоопко тартылат. Бизге да ушундай мыйзам керек. Грузия мындай мыйзам кабыл алганда «кылмыштуу чөйрөнүн анабашы» дегендердин көбү Орусияга качып барышкан. Эми бизге да импорт болушу ыктымал. Себеби бизде да андайлар көбөйдү, ич ара териштирүүлөр болот деп жатышат.

​Депутат азыркы кезде жаңы кодекстерге өзгөртүү киргизүү маселесин карап жаткан мекеме аралык комиссияга тапшырма берип, мыйзамдарды тез арада өзгөртүү керек экенин айтты.

Грузиянын парламенти учурда криминалга каршы мыйзамдарды дагы күчөтүү тууралуу долбоорду талкуулап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG