Төрөбаев экс-президент Атамбаевдин күзөтүн күчөтүүнү сунуштады (видео)

Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңештин 20-марттагы жалпы жыйынында парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Улуттук коопсуздук комитет (УКМК) менен Ички иштер министрлигине (ИИМ) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күзөтүн күчөтүү керек экенин айтты.

Ал Атамбаевдин 17-марттагы билдирүүсүнөн кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абал чыңалып кетиши мүмкүн экенин билдирди.

«Алмазбек Атамбаев «мени өлтүрүп кетсе да катамды оңдойм» деп айтты. Ошону кандай түшүнсө болот? Мен ИИМдин, УКМКнын өкүлдөрүнө кайрылам, экс-президенттин күзөтүн күчөткүлө. Антпесе ар кандай провокациялар болуп кетиши мүмкүн».

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Парламент экс-президентке жооп кайтарды

Алмазбек Атамбаев 17-мартта Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында «Сооронбай Жээнбековду колдоп, аны президенттикке алып келгени үчүн» элден кечирим сураган жана катасын оңдоого аракет кыларын кошумчалаган. 

Ал «учурдагы бийлик элди бөлүп-жарып жатат» деп «эл бир күнү ойгонсо эч ким токтото албай каларын» айткан. (BTo)