Жапониянын Сайтама шаарында өтүп жаткан көркөм муз тебүү боюнча дүйнөлүк чемпионатта орусиялык Алина Загитова биринчи орун алды. 16 жаштагы олимпиаданын чемпиону 237,50 упай топтоп, алгач ирет дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду.
Казакстандын атынан катышып жаткан 19 жаштагы Элизабет Турсынбаева 224,76 упай менен өлкө тарыхында биринчи болуп күмүш медаль алды.
Ал эми дагы бир орусиялык спортчу Евгения Медведева коло тагынды. Дүйнө чемпионатын буга чейин эки жолу уткан, соңку олимпиадада экинчи орунду алган Медведева 223,80 упай топтоду.
Муз үстүндө бийлөө боюнча эркектердин финалдык таймашы ишемби күнү өтөт.