Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Олимпиада: Көркөм муз тебүүдө Загитова алтын медал утту


Алина Загитова
Алина Загитова

Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында өтүп жаткан кышкы Олимпиадада орусиялык Алина Загитова кыз-келиндер арасындагы көркөм муз тебүүдө алтын медал утту. Экинчи орунга орусиялык дагы бир спортчу Евгения Медведева, коло медалга канадалык Кэйтлин Осмонд ээ болду.

15 жаштагы Загитова "Орусиялык олимпиада атлеттеринин" капчыгына биринчи алтынды алып келди. Ага чейин орус спортчулары төрт күмүш, сегиз коло медал топтошкон.

Орусиянын курама командасы допинг жаңжалынан улам олимпиададан четтетилген. Кызытма колдонбогонун далилдеген спортчулары бейтарап желектин алдында оюндарга катышып жатышат.

22-февралда Спорттогу арбитраждык сот мельдоний колдонгону аныкталган орусиялык Александр Крушельницкийди кёрлингде уткан коло медалынан ажыратты.

XS
SM
MD
LG