Режиссер Серебренников үй камагынан бошотулду

Режиссер Кирил Серебренников Москва сотунан чыккандан кийин журналисттер менен жолугушту. 8-апрель, 2019-жыл.

Москванын шаардык соту режиссер Кирил Серебренниковдун бөгөт чарасын өзгөртүп, Орусиядан чыкпоо шарты менен үй камагынан бошотту.

Ушундай эле өкүм «Жетинчи студиянын» иши боюнча камалган Маданият министрлигинин мурдагы кызматкери Софьея Апфельбаум менен продюсер Юрий Итинге да чыгарылды.

2-апрелде Мещанский соту «Гоголь борборунун» көркөм жетекчиси Серебренников менен анын эки өнөктөшүнүн үй камагындагы мөөнөтүн 4-июлга чейин узарткан болчу.

Серебренников 22-августта Санкт-Петербург шаарында кармалган. Ошондон бери үй камагында болчу. Ага өзү негиздеген «Жетинчи студия» аркылуу 68 миллион сомдук акчаны кымырып алган деген айып коюлууда. Режиссер бардык дооматтарды четке кагып келет.

Орусияда жана ондогон башка өлкөлөрдө маданият өкүлдөрү Кирилл Серебренниковду бошотууну талап кылган акцияга чыгышкан.