АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы (USCIRF) 29-апрелде дүйнөдөгү дин тутуу эркиндиги тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда Кытайдагы мусулмандардын абалына өзгөчө көңүл бурулган.
Комиссия бийлик мусулмандарды такай аңдып, телефондорун тартып алып, ичиндеги маалыматтарды окуп турарын белгилеген. Ал түгүл «ДНК маалыматтарын топтош үчүн канын алуу максатында денелерине ийне сайылары» айтылат. Мамлекеттик департаменттин эсебинде, 2017-жылдын апрелинен тартып Шиңжаңда мусулмандар лагерлерге мажбурлап кармала баштаган. Алардын саны 800 миңден 2 миллиондон ашуун адамга чейин экени айтылат. Анын ичинде уйгурлар, казактар, кыргыздар жана башка мусулмандар бар.
АКШ, Британия жана Түркия өңдүү саналуу өлкөлөр Бээжинди «кескин сындашканы» менен Кытай өкмөтү кандайдыр кесепеттерге туш болбогону да жазылган.
Бээжин Шиңжаңда уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман азчылыгын мажбурлап кармап, кыйнаган лагерлер тууралуу маалыматтарды четке каккан. Мындай жайларды Кытай бийлиги «элди агартуучу, тарбиялоочу борборлор» деп атап, ал жерде шинжаңдыктар коомго интеграция болууну үйрөнүп, экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөш жүрүп жатканын билдирип келет.
Шинжаңдагы уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу мусулмандарга жасалган катаал мамиледен улам эл аралык коомчулук Бээжинди кескин сындап жүрөт. Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери Шинжаңдагы саясий лагерлерде 1 миллионго чукул адам кармалып турганын билдиришкен.