Евробиримдик Иранга колдоосун билдирүүдө

Эммануэл Макрон.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишим сакталышы керек экенин билдирип, буга тиешеси барларды сабырдуу болууга чакырды.

- Иран келишимде кала бериши керек. Биз да аны сактап калыш үчүн колубуздан келишинче аракет кылышыбыз зарыл, - деди Макрон 9-майдагы сөзүндө.

Ушул эле күнү Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини да Иранга колдоосун билдирди.

- Биз мурдагыдай эле өзөктүк келишимдин толук ишке ашырылышын жактайбыз. Бул биз үчүн да, бүтүндөй дүйнө үчүн да коопсуздук маселеси. Иран өзөктүк келишимдин алкагындагы өз милдеттенмелерин аткарып келатканын көрүп келатабыз, - деди Могерини.

Мунун алдында эле, 8-майда Ирандын президенти Хасан Роухани кайрылуу жасаган. Анда дүйнө державалары Иранды АКШ санкцияларынан коргобосо, жогорку даражада байытылган уран чыгаруу процесси кайра жанданарын эскерткен.

Президент «документке кол койгон калган мамлекеттер – Британия, Франция, Германия, Кытай жана Орусия - Ирандын мунай жана банк тармактарын коргоо жаатында чара көрүшү үчүн 60 күнү бар» деп белгилеген.

Ирандын өзөктүк программасын чектеген мунасага дүйнөнүн алты өлкөсү 2015-жылы жетишкен. Кийин Дональд Трамп бийликке келгенде келишимди сынга алып, «Тегеран милдеттенмелерин аткарбай жатат» деген негизде Кошмо Штаттар макулдашуудан чыгып кеткен. Ошондон бери Тегеранга каршы америкалык санкциялар кайра жанданган.