Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:18

Иран өзөктүк келишим боюнча эскертти


Арак өзөктүк ишканасы.

Иран өзөктүк келишимге ылайык өзүнө алган айрым милдеттенмелерин аткарууну токтотоорун эскертти.

Туура бир жыл мурун АКШнын президенти Вашингтон Иран менен түзүлгөн эл аралык келишимден чыгаарын жарыялаган. Ошондон бери АКШ менен Ирандын ортосунда чыңалуу күчөдү.

8-майдагы телекайрылуусунда президент Хасан Роухани дүйнө державалары Ислам Республикасынын кызыкчылыктарын АКШнын санкцияларынан коргобосо, жогорку даражада байытылган уран чыгаруу процесси кайра жанданарын эскертти.

Президент «документке кол койгон калган мамлекеттер – Британия, Франция, Германия, Кытай жана Орусия - Ирандын мунай жана банк тармактарын коргоо жаатында чара көрүшү үчүн 60 күнү бар» деп кошумчалады. Ал эми жылыш болбосо, эки айдан кийин Иран келишимдин дагы бир катар пункттарынан баш тартышы мүмкүн.

Роуханинин айтымында, сөз болгон өлкөлөрдүн жетекчилерине жазылган катта Тегеран 2015-жылдагы келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелердин айрымдарын аткарууну, байытылган уран менен өзөктүк реакторлордо колдонгон «оор сууну» экспорттоону токтотоору маалымдалды.

Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

«Ал беш өлкө сүйлөшүүлөргө кошулуп, Иранга мунай жана банк секторундагы кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүүнүн ордуна БУУнун Коопсуздук кеңеши аркылуу Ислам Республикасына каршы санкцияларды киргизүүгө аракеттенишсе, Тегеран олуттуу жооп кайтарат. Биздин ниетибиз так. Элибиз биз келишимден чыкпаганыбызды билип, ал макулдашуу жокко чыгарылды деп ойлобошу керек. Биз бүгүн келишимден чыкканыбызды эмес, милдеттенмелерибизди чектегенибизди жарыялап жатабыз», - деди Ирандын президенти.

Роуханинин билдирүүсүнөн көп узабай Франциянын коргоо министри Флоранс Парли анын өлкөсү атомдук келишимди сактап калууну каалай турганын айтып, «Иран милдеттенмелерин аткарбаса, санкция салууну караган механизмдерди иштеп чыгуу маселеси козголушу мүмкүн» деп эскертти.

Кытайдын тышкы саясий мекемесинин басма сөз катчысы ушул эле 8-майда тараптарды карманууга, кырдаалды курчутпоого жана келишимди урматтоого чакырды.

Мындан 4 жыл мурун 6 мамлекет жылдап созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Тегерандын өзөктүк программасы боюнча мунасага келген.

Ага ылайык, Тегеран уран байытууну жана бул тармактагы башка иштерин чектөөгө киришмек. Атап айтканда, он жыл ичинде уранды байытуу үчүн колдоно турган центрифугалардын саны 5 миң 60тан ашпашы керек, байытылган урандын өлкөдөгү көлөмү 15 жыл ичинде 300 килограммдан көбөйбөй турууга тийиш, ал эми уранды байытуунун деңгээли 3,67% жогору болбошу зарыл. (Атомдук курал үчүн керектелген уран 90 пайызга чейин байытылат).

Жооп иретинде Иранга каршы киргизилген жазалоочу чаралар жеңилдетиле баштаган.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Бирок былтыр 8-майда президент Дональд Трамп АКШ макулдашуудан чыгып жатканын жарыялап, мунун себеби катары келишимге Ирандын баллистикалык ракеталарды чыгаруу программасы кирбей калганын, Тегеран Жакынкы Чыгыштагы террордук топторду колдоп жатканын айткан.

Вашингтон ошондой эле Иран экономикасына катуу сокку урган санкцияларды калыбына келтирди.

АКШнын мындай кадамдарына карабай, Тегеран келишимдин шарттарын аткарып жатканын Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) бышыктаган.

Келишимдин Европадагы катышуучулары да аны сактап калууга аракеттеништи. Бирок Иран бул процесс жай жүрүп жатканына нааразы болуп турат.

АКШ макулдашуудан чыккандан кийин Вашинтон менен Тегерандын ортосунда чыңалуу күчөдү. 7-майда АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео Европага бет алган сапарын чукул токтотуп, Иракка барды. Кошмо Штаттардын тышкы саясий мекемесинин башчысы муну Ирандын чөлкөмдө жанданышы менен түшүндүрдү.

Пентагон болсо Тегеран аймактагы америкалык аскерлерге каршы чабуул даярдап жатышы мүмкүн деп эсептейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG