Москвада 12-июнда журналист Иван Голуновдун бошотулушун талап кылган жүрүш өтөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу "Фейсбук" аркылуу уюштуруучулар билдиришип, кайдыгер эместердин бардыгын акцияга чыгууга чакырышты. Алар ошондой эле Голуновго козголгон ишти жабууну, баңгизатты анын чөнтөгүнө салып, батирине таштаган адамдарды таап, жазалоону талап кылышарын жазышты.
10-июнда Орусиянын үч негизги басылмасы - "Ведомости", "Коммерсантъ" жана РБК Голуновду колдоо максатында башкы беттерин бирдей чыгарышты. Үч гезиттин башкы бетинде "Мен/Биз Иван Голунов" деп жазылды.
"Медуза" басылмасынын журналисти Иван Голунов 6-июнда баңгизат соодасына байланыштуу шек саналып кармалган. Адвокаты анын чөнтөгүнө жана батирине баңгизат атайын ташталганын билдирген.
Голунов өзүнө каршы козголгон кылмыш ишти соңку кездери иликтеп жүргөн көрүстөн бизнесине байланыштырып жатат. Ал иликтөө ушул күндөрү жарыяланмак. Голунов кармалары менен Москвада жана Орусиянын бир катар шаарларында журналистти колдогон акциялар өттү. Жыйынтыгында ишемби күнү Москванын Никулин райондук соту анын ишин карап, 7-августка чейин үй камагына чыгарган.
Москвада Голуновду колдогон жүрүш өтөт
10-июнда Орусиянын үч негизги басылмасы-"Ведомости", "Коммерсантъ" жана РБК Голуновду колдоо максатында башкы беттерин бирдей чыгарышты