Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:17

Иван Голунов үй камагына чыкты


Иван Голунов.
Иван Голунов.

«Медуза» басылмасынын иликтөөчү журналисти Иван Голунов үй камагына чыкты. 8-июнда Москванын Никулин райондук соту анын ишин карап, 7-августка чейин үй камагына бошотту.

Прокурор журналистти эки айга камоону сураган болчу. Отурум болуп жатканда сот имаратынын алдында Голуновдун тарапкерлери аны колдогон жазууларды көтөрүп турушту.

Латвияда жайгашкан басылманын иликтөөчү журналисти Голунов 6-июнда Москвада кармалган, ал баңгизат соодасына байланыштуу шек саналууда. Адвокаты анын чөнтөгүнө жана батирине баңгизат атайын ташталганын билдирген.

Москва, Пермь, Ярославль шаарларында аны колдогон активисттер пикет уюштурушту.

Кесиптештери жана укук коргоочулар журналисттин кармалышын анын ишине байланыштырып жатышат.

XS
SM
MD
LG