Футбол: Кыргызстан Палестина менен ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия Кубогунда. Бириккен Араб Эмираттары, Абу-Даби шаары. 21-январь, 2019-жыл.

Бүгүн футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Палестина менен ойнойт. Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, кечки саат 20:00дө башталат.

Бул Кыргызстандын курама командасынын Азия Кубогунан кийинки өз талаасында өткөрүп жаткан алгачкы беттеши.

Буга чейин Кыргызстан менен Палестинанын курама командалары өз ара 5 жолу беттешип, эки ирет тең ойношсо, эки ирет Кыргызстандын жеңиши менен аяктап, бир жолу жеңиш Палестинанын курама командасы тарабында болгон.

Бул жолдоштук беттеш улуттук курама команданын 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына даярдыгы болуп саналат. (GT)