Мамлекеттик каттоо кызматы мамлекеттик жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү басып чыгарууга тендер жарыялады. Сатып алуу порталындагы маалыматка караганда, күбөлүктөр 75 миллион 364 миң сомго жасатылат.
Кыргызстанда азыр айдоочулук күбөлүктүн жана автоунааны каттоо бланктарынын (техпаспорт) тартыштыгынан улам жарандарга убактылуу бланктар берилип жатат.
Мамкаттоо муну буга чейин ушул документтерди даярдап келген компания менен түзүлгөн келишим бүтүп, аларды даярдоо боюнча тендер жарыяланганы менен түшүндүргөн. (RK)