Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Автоунаанын документтери тартыш


Эски үлгүдөгү автоунааны каттоо бланкы (техпаспорт).
Эски үлгүдөгү автоунааны каттоо бланкы (техпаспорт).

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктүн жана автоунааны каттоо бланктарынын (техпаспорт) тартыштыгынан улам жарандарга убактылуу бланктар бериле баштады.

Мамлекеттик каттоо кызматы муну буга чейин ушул документтерди даярдап келген компания менен түзүлгөн келишим бүтүп, аларды даярдоо боюнча тендер жарыяланганы менен түшүндүрдү.

Автоунааны каттоо бланктарынын (техпаспорт) тартыштыгынан улам машинесин каттаткысы келген айдоочуларга убактылуу бланктар бериле баштады. Айдоочулук күбөлүктү жаңыдан алып жаткандарга же жаңыртууну каалагандарга да ушундай эле убактылуу бланктар берилет.

Мамкаттоонун басма сөз катчысы Элзат Кыдырмышева муну жогорудагы документтерди даярдап келген компания менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштырды:

Мамлекеттик каттоо кызматы.
Мамлекеттик каттоо кызматы.

«Келишимдин мөөнөтү бүткөндүктөн башка компания менен келишим түзүш керек болчу. Ушундай учурда баары бир бүгүнкүдөй кырдаал жаралмак. Ошондуктан бир аз убакыт керек. Ушунун негизинде убактылуу техпаспортторду жана айдоочулук күбөлүктөрдү берип туруу жөнүндө чечим кабыл алынган. Анткени бул убакыт аралыгында адамдар документсиз калбашы керек».

Кыргызстанга айдоочулук күбөлүк менен техникалык паспортту буга чейин «Атлас Крипт» компаниясы даярдап келген. Бул ишкана менен 2011-жылы келишим түзүлүп, ал 2019-жылдын апрелинде аяктады.

Мамкаттоонун маалыматы боюнча, «Атлас Крипт» 2018-жылдын аягына чейин 13 миллион 260 миң еврого бааланган 1 миллион 85 миң 500 даана айдоочулук күбөлүк жана жалпы баасы 12 миллион 660 миң еврого 1 миллион 200 миң даанадан ашык техникалык паспорт даярдаган. Жалпысынан алганда бул тармакта ишкана сегиз жыл ичинде мамлекеттен 25 миллион еврого буюртма алган.

Азыр «Атлас Крипт» даярдаган айдоочулук күбөлүк менен техникалык паспорттор саналуу эле калды. Алар чет мамлекетке чыгып жаткандарга жана сыртта жүрүп документин алмаштырууну каалагандарга берилет.

Ал эми Кыргызстардын аймагындагыларга убактылуу бланктар каралган. Мамлекеттик каттоо кызматы бланктар акысыз берилерин, тендер өтүп, оригинал бланктар даярдалып баштаганда жарандар аларды алмаштырып алышарын кабарлады.

Техникалык паспортторду даярдоо боюнча 22-майда тендер жарыяланып, 7-июнда жыйынтыкталды. Ага Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу «Гознак» басмаканасы менен «Учкун» мамлекеттик ишканасы катышты. Азырынча тендердин жыйынтыгы чыга элек. Техпаспортторду даярдоого «Гознак» 174 миллион сом, «Учкун» 218 миллион сом сунуш кылды.

«Учкун» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Даир Кенекеев мамлекеттик маанидеги документтерди басып чыгаруудагы башаламандык тууралуу өз оюн ортого салды:

Даир Кенекеев.
Даир Кенекеев.

«Негизи Кыргыз Республикасына бир эле басмакана жетет. Ошол басмакананы күчтөндүрүп, бардык буюртмаларды ага берсе басмакана бат эле ирденет. Ал эми кыйынчылык болуп аткан паспорт, техпаспорт даярдоо, акциздик маркаларды чыгаруу, айдоочулардын күбөлүктөрүн даярдоодо чыккан маселелер чечилмек. Коопсуздук жагынан караганда да мамлекеттик маанидеги документтерди мамлекеттик басмакана басып чыгарса болмок. «Учкун» акционердик коому өкмөттүн бир бөлүмүнө айланып, мамлекеттик иш кагаздарын жасап бере турган компания болот деп ишенгем. Тилекке каршы, үч ишкананы бири-бирине атаандаш кылып коюшту. Эми үчөөнүн бирөө да жарыбайт».

Ушул жылдын апрель айында мамлекеттик маанидеги документтерди мамлекеттик ишканаларда гана даярдоо боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Ага ылайык тендерлерге Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу «Гознак» басмаканасы, «Учкун» мамлекеттик ишканасы жана президентке караштуу иш аткаруу мекемесинин «Типография» басмаканасы гана катыша алат.

Бланктардын тартыштыгынан улам Мамкаттоо аймактардагы документтерди Бишкекке чогултуп жатканы айтылган. Мекеме бул маалыматты четке кагып, бирок жер-жерлерде бланктар саналып жатканын ырастады.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Алтынбек Жунус уулу учурдагы кырдаалды бюджетке келтирилген ашыкча чыгым катары баалады:

Алтынбек Жунус уулу.
Алтынбек Жунус уулу.

«Автоунааны каттоо бланктары акысыз болгону менен аны алыш үчүн жарандар эртеден кечке кезекке турушу керек. Кийин кайра барып аны оригиналга алмаштыруу үчүн убара болуп жүрө береби? Документ оюнчук эмес да. Алар бекер деген менен ортодо акча бере коюп кезегин күтпөй кирип кеткендер болот. Кишилерди тейлеш үчүн канча деген мамлекеттик кызматкер иштейт. Убактылуу берилген документтерди алмаштыруу үчүн да убакыт кетет. Мунун баары эле кошумча чыгым да? Бул жерде кызматкерлер шалаакылык кылган. Анткени техпаспорт алгандардын саны бир күндө эле көбөйүп, кыргыздардын санына миллион киши кошулуп кеткен жок. Бул канча жылдан бери эле берилип келаткан документ болчу».

Мамкаттоо айдоочулук күбөлүктөргө жакын арада тендер жарыяланарын, эми Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр берилип баштай турганын, анын баасы азыркыдан эки эсе арзан болорун билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Алмазбек Эргешов учурдагы көрүнүштү Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринин шалаакылыгы деп эсептейт.

Алмазбек Эргешов.
Алмазбек Эргешов.

«Бул жарандар үчүн чоң маселе, - дейт ал. - Анткени алар кийин документ алыш үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына кайра убара болуп барып, кошумча каражат төлөйт. Ошондуктан буга чейин «Учкун» же башка мамлекеттик ишканага техника алып келип коюп, шарт түзүлгөндөн кийин ишти андан ары жасай бериш керек эле. Баары бир күздөн кийин кыш, кыштан кийин жаз келерин билебиз да. Жетекчилер шалаакылык кылып ошого даяр турган эмес жана тиешелүү иш алып барышкан жок».

Мамкаттоонун маалыматына караганда, Кыргызстанда жыл сайын 135 миң айдоочулук күбөлүк жана 270 миңдин тегерегиндеги техникалык паспорт берилет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG