Австрия: автоунаада тумчугуп өлгөн мигранттар боюнча өкүм чыкты

Венгер полициясы мигранттарды мыйзамсыз тартып баратат деген шек менен машинени текшерүүдө. 4-сентябрь, 2015-жыл.

Австрияда 2015-жылы жүк ташуучу машиненин ичинде тумчугуп өлгөн 71 мигранттын өлүмү үчүн ооган жараны менен анын үч болгариялык өнөктөшү өмүр бою эркинен ажыратылды. 

Венгрия сотунун 20-июнда чыгарган өкүмүнө ылайык, 32 жаштагы Самсур Лаху менен анын өнөктөштөрүнө «адам аткезчилигин уюштуруу» жана «ондогон адамдардын өлүмү» боюнча айыптар коюлду. Алар  тумчугуп жаткан адамдардын жалынып-жалбарганына карабай, жүк ташуучу машиненин эшигин ачпай коюшканы айтылды. 

Каза тапкандардын баары Ооганстандан, Ирандан, Ирактан жана Сириядан Европаны көздөй жакшы жашоо издеп бараткан мигранттар болгон. 

Качкындардын өлүктөрү 2015-жылы 27-августта Будапешт-Вена жолунун боюнда токтоп турган машиненин ичинен табылган.