Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:33

Австрияда табылган жасаттардын көбүнүн теги аныкталды


Венгр полициясы мигранттарды мыйзамсыз тартып баратат деп шектелген шопурдун машинесин текшерүүдө. Таңга жуук, 4-сентябрь 2015
Венгр полициясы мигранттарды мыйзамсыз тартып баратат деп шектелген шопурдун машинесин текшерүүдө. Таңга жуук, 4-сентябрь 2015

Өткөн аптада Австрияда калтырылган жүк тартуучу машиненин ичинен табылган өлүктөрдүн көбүнүн жарандыгы аныкталды. Өлгөн 71 мигрант Сирия, Ирак жана Ооганстандын жарандары экенин Австрия полициясы маалымдады. 4-сентябрда Бургенланд провинциясынын полиция акими Ганс Петер Доскожилдин маалымдашынча, алар сыягы Венгрияда муздаткычы иштебей калган жүк тартуучу машинеге түшкөндөн көп узабай тумчугуп калышкан.

Ал өлүктөр арасында али теги тактала электери бар экенин, соттук медициналык экспертиза улантылып жатканын да кошумчалады.

Качкындардын жасаттары 27-августта Будепешт-Вена жолунун боюнда токтоп турган машиненин ичинен табылган.

XS
SM
MD
LG