Башкы прокурор Атамбаевдин банктык эсеби камалганы тууралуу кабарды төгүндөдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин банктык эсептери камалган жок. Бул тууралуу 27-июнда парламенттин алдында сүйлөп жатып башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

- Бул туура эмес. Эч кимдин эсептерине камак салынган жок, - деди ал.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Атамбаевдин, анын үй-бүлөсүнүн, туугандарынын жана ага байланышы бар деген адамдардын банктагы эсептерин текшерүүгө уруксат бергени тууралуу маалымат тараган.

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Атамбаевдин депозиттик эсеби, банктык кутусу да жок экени айткан. (RK)