Бакытжан Сагинтаев Алматы шаарынын акими болду

Бакытжан Сагинтаев.

Казакстандын мурдагы премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Алматы шаарынын акими болуп дайындалды. 55 жаштагы Сагинтаев ушуну менен акыркы беш айдын ичинде үчүнчү жолу кызматын алмаштырып жатат.

21-февралда Казакстандын ошол кездеги президени Нурсултан Назарбаев Бакытжан Сагинтаев жетектеген өкмөттү «экономиканын өнүгүшүн камсыздай алган жок, министрлер эл менен иштей албайт»​ деген сын менен отставкага кетирген.

Сагинтаев 1-мартта өлкөнүн мамлекеттик катчысы болуп дайындалган. Көп өтпөй 24-мартта президенттик администрацияны жетекчиси кызматына келген.