Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Кызматтан кеткен Сагинтаев Нурсултан Назарбаевге алкыш айтты


Бакытжан Сагинтаев.
Бакытжан Сагинтаев.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен кызматынан кеткен мурдагы премьер-министр Бакытжан Сагинтаев видео кайрылуу таратты. Анда ал казак лидерине алкыш айтты.

“Эгемендүү Казакстан мамлекетинин негизин түптөп, бүгүнкү бийиктиктерге жеткирген Эл башы калкынын өсүп-өркүндөшүн ар дайым эң башкы максаты катары карманып, ар бир чечимин мамлекет менен калктын мүдөөсүн ишке ашырыш үчүн кабыл алып келет. Мамлекет башкаруу оңой жумуш эмес. Жаш мамлекетти түрдүү кыйынчылыктардан аман алып өтүп, тарыхый өлчөмдөн алганда кыска убакытта ушундай абройлуу элге айландыруу чынында чексиз урматка татыктуу. Эл башы – элибиздин сан миңдеген жылдык тарыхындагы эң жооптуу мезгилинде калкыбыздын багына бүткөн улуу туулгасы. Ошол себептүү калкыбыз бүгүнкүсү менен жаркын келечегин Эл башынын ысымы менен гана байланыштырат”, - деди Сагинтаев билдирүүсүндө.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттүн кызматтан баш тартышшын 21-февралда кабыл алды. Анын алдында мамлекет башчысы "өлкөдөгү экономикалык маселелерди жөндөй албаганы үчүн өкмөт кетиши керек” деп айткан. Президент өкмөттү "казакстандыктардын жашоо деңгээлин көтөрө алган жок" деп сындады.

Казак өкмөтүн убактылуу вице-премьер-министр Аскар Мамин жетектейт.

Бакытжан Сагинтаев өкмөттү 2016-жылдан бери башкарып келаткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG