Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Назарбаев казак өкмөтүн садага чапты


Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин "Акордодогу" кайрылуусу, Астана шаары, 5-октябрь, 2018-жыл.
Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин "Акордодогу" кайрылуусу, Астана шаары, 5-октябрь, 2018-жыл.

Президент Нурсултан Назарбаевдин сынынан кийин казак өкмөтү кызматтан кетти. Талдоочулар өлкөдө бийликке карата нааразы маанай күчөгөн учурда Бакытжан Сагинтаевдин өкмөтү садага чабылганын айтып жатышат.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев 21-февралдын кечинде Бакытжан Сагинтаев жетектеп келген өкмөттүн отставкасын кабыл алды. "Акордо" маалымдагандай, вице-премьер-министр Аскар Мамин өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткарып турмай болду.

Андан бир аз мурдараак Назарбаев расмий видео кайрылуу жасап, өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерди жөндөй албаганы үчүн "өкмөт кетиши керек” деп айткан.

Президент өкмөттү экономиканы жана казакстандыктардын жашоо деңгээлин көтөрө алган жок деп сындады:

- Мен "калктын кирешеси жана жашоосунун сапаты өкмөттүн ар бир мүчөсүнүн жана ар бир акимдин негизги максаты болсун" деп бир нече жолу тапшырма бергем. Эки жыл мурда биз конституциялык реформа жасап, өкмөт акимдер менен бирге социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө жана аларга жоопкерчилик алууда керектүү ыйгарым укуктарга жана өз алдынчалыкка ээ болгон. Керектүү мамлекеттик программалар кабыл алынган. Аларды ишке ашыруу үчүн тиешелүү ресурстар бөлүнгөн. Бирок системалуу иш жасалган жок. Калктын кирешеси көбөйгөн жок. Үй-бүлөлөрдүн бюджетинен азык-түлүккө сарпталган чыгымдар өсүп жатат. Өкмөт мүчөлөрүнүн калк менен иштешип, алардын маселелерин угуп, тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзө албаганынан маселенин баары тереңдеп жатат. Өкмөт отставкага кетиши керек деп эсептейм.

Бакытжан Сагинтаев өкмөттүн жыйынында, Астана, 30-январь, 2019-жыл.
Бакытжан Сагинтаев өкмөттүн жыйынында, Астана, 30-январь, 2019-жыл.

Казак президенти бийликтеги "Нур Отан" партиясынын 27-февралда өтө турган курултайында калктын маселелерин чечүү жолдорун жарыяларын, жаңы планда аз камсыз болгон жарандарга социалдык жардамды көбөйтүүгө басым жасалаарын кошумчалады.

Назарбаевдин мындай кайрылуусу жана өкмөттүн кызматтан кетиши Казакстандын бир катар аймактарында көп балалуу энелердин нааразылыгы токтобой жаткан учурга туш келди.

Астананын чекесинде бир үй-бүлөнүн беш тестиер кызынын өмүрүн алган февраль айынын башындагы өрт кырсыгынан бери Казакстандын шаарларында көп балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоону жакшыртууну талап кылган акциялар тынымсыз өтүп жатат.

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев бийликти сындаган мындай жүрүштөрдөн улам президент Назарбаев казак өкмөтүн садага чабууну туура көргөнүн ишара кылды:

- Президенттин өкмөттүн отставкасы тууралуу билдирүүсү "хан жакшы, вазир жаман" деген классикалык схемага төп келет. Керек болгон учурда нааразы маанайдын багытын шалаакы аткаминерлерге бура коюу - жакшы иштелип чыккан саясий технология. Жарылып кетиши мүмкүн болгон буу казандын эффектин "Акордо" акыры көрдүбү? Болгону аткаминерди алмаштырган менен ал казан кала берет, - деп жазды Сатпаев "Фейсбуктагы" барагына.

Астанадагы көп балалуу энелердин нааразылыгы, 15-февраль, 2019-жыл.
Астанадагы көп балалуу энелердин нааразылыгы, 15-февраль, 2019-жыл.

55 жаштагы Бакытжан Сагинтаев казак өкмөтүнүн башына 2016-жылдын сентябрь айында келген. Анын кабинетинин отставкасы тууралуу маселе көп балалуу энелердин нааразылыгына чейин да, 30-январда өкмөттүн кеңейтилген жыйынында учкай көтөрүлгөн. Ал жыйында казак президенти Назарбаев бир катар министрлерди "коркоктор" деп атап, өкмөттү "отставкага кете бергиле" деп коркуткан. Бирок жыйындын соңун утурлай "ачуусу" тарагансып, "кеткиле деп жөн эле айтып койдум",-деп билдирген.

Айрым байкоочулар казак өкмөтү 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоонун алдында жаңыланып жатканына көңүл бурушууда. Казакстандык көз карандысыз саясатчы Амиржан Косанов президенттин чечимине коомдун нааразылыгы гана эмес, өлкөдөгү күтүлүп жаткан саясий жараяндар да таасир тийгизиши мүмкүндүгүн айтты:

- Биринчиден, коомдогу ири нааразылыкка каршы кабыл алынган чечим деп ойлойм. Дагы бир себеби бүтүндөй Казакстан соңку кезде талкуулап келген "бийликтин транзитине" же "Экинчи Назарбаев" доорунун башталышына байланыштуу болушу мүмкүн. Мунун сценарийи ар түрдүү болушу мүмкүн. Ошонун ичинде өкмөт башчынын саясий-экономикалык, конституциялык, протоколдук ролу чоң. Бул жагынан караганда жаңы адам керек болуп турган сыяктуу.

78 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстандын башында турганына дээрлик отуз жыл болду. Ал бийликтин жогорку тепкичине СССР тараганча эле жеткен. 2015-жылдагы шайлоодо 97 пайыздык көрсөткүч менен жеңип, бешинчи президенттик мөөнөткө шайланган. "Элбашынын" бийлиги тушунда казак өкмөтү кеминде 11 жолу алмашты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG