Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Астана «стан» мүчөсүн жерий баштады


Ак ордонун алдындагы казак желегинин жанында турган аскер. Астана, 5-декабрь, 2014-жыл.
Ак ордонун алдындагы казак желегинин жанында турган аскер. Астана, 5-декабрь, 2014-жыл.

Казакстандык депутат өлкөнүн расмий аталышын өзгөртүүнү сунуш кылды. Ал шаршембиде парламент жыйынында Казакстанды "Казак Республикасы" деп атоо зарыл экенин айтты. Беш жыл мурда президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын аталышынан "-стан" деген мүчөнү алып салуу демилгесин көтөргөн эле.

Казакстанда өлкөнүн расмий аталышына байланыштуу маселе кайра көтөрүлдү. Бул жолу жаңы аталышты колдонууну казак Мажлисинин 23-январдагы жыйынында «Ак жол» фракциясынын башчысы Азат Перуашев сунуш кылды.

Ал Казакстанды расмий түрдө «Казак Республикасы» деп атоо зарыл экенин белгилеп, өзү жетектеген фракциянын кайрылуусун премьер-министр Бакытжан Сагинтаевге жиберди.

Депутат Перуашев СССРдин курамында Казак Республикасынын түзүлгөнүнө 2020-жылы 100 жыл толорун, мындай маараке өлкөнүн жаңы аталышын колдонууга ылайыктуу болорун кошумчалады:

Депутат Азат Перуашев.
Депутат Азат Перуашев.

- «Казакстан» деген аталыш менен бирге расмий түрдө колдонуу үчүн «Казак Республикасы» деген аталышты кайра киргизүүнү сунуш кылабыз. Негизи мындай демилгени президент Нурсултан Назарбаев өзү беш жыл мурда «Мангилик Ел» («Түбөлүк эл») концепциясын талкуулоо учурунда эле көтөргөн. Элбашынын сунушун жүзөгө ашырууга убакыт келди деп эсептейбиз. Бардык нерсени өз аты менен - караны кара, акты ак, казакты казак деп аташыбыз керек. «Казак Республикасы» деген аталышты кезинде советтик тоталитардык бийлик да тааныган. Ага кайтып баруу тарыхый адилеттикти калыбына келтирет. Ошондой эле бардык улуттагы мекендештердин биримдиги менен достугун бекемдөөгө көмөкчү болот.

«Ак жол» фракциясынын лидеринин мындай сунушуна башка фракциялардын депутаттары дароо пикирин билдиришкен жок. Бирок жыйын бүткөндөн кийин айрым жергиликтүү маалымат каражаттары Перуашевдин демилгесин башка эл өкүлдөрү да колдой турганын жазып чыгышты.

Казакстандын 18 миллиондой калкынын 63 пайызын казактар, 24 пайызга жакынын орустар, калганын өзбек, уйгур, татар сыяктуу улуттар түзөт.

Кыргызстандан айырмаланып, Казакстандын Конституциясында «Казак Республикасы» деген аталыш жок. Баш мыйзамда өлкө расмий түрдө «Казакстан Республикасы» деп аталат.

Депутат Перуашев эске салгандай, 2014-жылдын февраль айында казак президенти Нурсултан Назарбаев өлкө аталышынан «-стан» деген мүчөнү алып салып, анын ордуна «Казак Эли» деген аталышты колдонууну сунуш кылган.

Ал аталышы Борбор Азиядагы мамлекеттерден айырмаланып турган Монголияны мисал келтирип, калкынын саны Казакстандан алда канча аз бул өлкөгө көбүрөөк инвестиция келерин, «-стан» деген мүчө инвесторлордо эки ача пикирди жаратаарын ишарат кылган:

Казак президенти Нурсултан Назарбаев.
Казак президенти Нурсултан Назарбаев.

- «Казакстан» дейбиз, «Казак Республикасы» дейбиз. Бирок Казакстанды атоодо «Казак Эли» дегенге өтүшүбүз керек. Түбөлүктүү эл болуу ата-бабалардын максаты болчу.

Казак президенти Назарбаев өлкөнүн аталышын өзгөртүү маселеси коомчулуктун талкуусуна коюлушу керек экенин да белгилеген. Деген менен андан бери Казакстанда бул багытта аракеттер анчейин байкала элек эле.

Казак депутатынын соңку билдирүүсү Назарбаевдин беш жыл мурда көтөргөн демилгесин ишке ашыруу аракетиби же кезектеги популисттик билдирүүлөрдүн бириби - анысы азырынча так белгисиз.

Дүйнөдө өлкөлөр өз аталышын өзгөрткөн учурлар сейрек болсо да кездешпей койбойт. Учурда Македония Грекиянын басымынан улам өлкө аталышын «Түндүк Македония» деп өзгөрткөнү жатат.

Мындан бир канча жыл мурда чех өкмөтү да өлкөнүн «Чех Республикасы» деген расмий аталышынан сырткары өзгөчө англис тилинде «Чехия» (Czechia) деген кыска вариантты колдонууга өткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG