Орусиялык БИС компаниясы Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов менен байланышы тууралуу маалыматты төгүндөдү.
Ишкананын расмий өкүлү Юрий Катютин 20-августта «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып бул тууралуу Интернетте тараган кабарды фейк катары мүнөздөдү:
- Бул фейк маалымат. Сынакка катышканда бүт документтерди көрсөткөнбүз. Ал жерде бардык акционерлердин тизмеси да келтирилет.
БИС компаниясы - Кыргызстандагы «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча 5,7 млрд. сомго бааланган тендерге катышып жаткан үч ишкананын бири. Сынактын жыйынтыгы 23-августта белгилүү болот.
Утуп чыккан компания Кыргызстандын 17 шаарында жана 73 калктуу конушунда видео байкоочу жабдуу орнотуп, жол эрежесинин бузулушун каттайт.
Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель окуяларынын учурундагы оор кылмыштар үчүн айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө сыртынан кесилген. Кийин ал Даниил Урицкий деген ат менен Беларуста иш жүргүзөрү кабарланган.
20-августта социалдык түйүндөрдө БИС компаниясы Данияр Үсөновго таандык деген маалымат тарады. (RK)