Максат айылында Оштон барган психологдор иштеп жатат

Баткен.

16-сентябрь күнү ок атышуу менен коштолгон жаңжалда коопсуз жайларга убактылуу чыгып кеткен максаттыктар кайра үйлөрүнө барышты.

«Учурда айылда аялдар жана балдар менен Ош шаарынан келген психологдор баштаган дарыгерлер тобу иштеп жатат», - деди Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев.

Адинаев «Азаттык» радиосуна 21-сентябрда билдиргендей, куралдуу жаңжалда Тажикстан менен чек арада бир үй толугу менен күйүп кеткен, мындан сырткары бир топ үйлөрдүн айнектери, чатырлары сынып, айылдын мектеби, ФАП, электр көмөкчордону жабыркаган. Жаңжал учурунда келтирилген зыяндарды эсептөө үчүн атайын комиссия иштеп жатат.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жараат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган. (JsA)