Ливандыктар бийликтин толук жаңыланышын талап кылууда

Бейруттун борборундагы «Азап тарткандар» аянтына чогулган эл. 3-ноябрь, 2019-жыл.

3-ноябрдын кечинде Бейруттун көчөлөрү кайрадан нааразылык билдирип чыккан миңдеген адамга толду. Жекшембидеги жүрүшкө аялдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча талаптарын айтып феминисттер да катышты.

Октябрдын аягында премьер-министр Саад аль-Харири кызматтан кеткенине карабай ливандыктардын көчө жүрүштөрү токтой элек.

- Болгону өкмөттүн кызматтан кетишине жетиштик. Биз дагы узак жолду басышыбыз керек. Эгер жаңы куралган өкмөт эл каалагандай болбосо мындан да чоңураак революция кайтып келет, – деди демонстранттардын бири, кесиби инженер Чарбел аль-Заани.

Өлкөдөгү нааразылык толкуну 17-октябрда башталган. Буга бийликтин «Whats App» жана башка социалдык тиркемелер аркылуу чалуу үчүн айына 6 доллар салык киргизген чечими себеп болду. Борбор Бейрутта, андан соң калган калааларда жүрүшкө кошулгандар коррупцияга баткан бийлик адамдарынын кызматтан кетип, жаңы жүздөрдүн келишин, экономикалык кризистен чыгарууну талап кыла башташты.