Парламент Бекназаровдун талапкерлигин жактырды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине саясатчы Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жактырды. Депутаттар Бекназаровдун саясий тажрыйбасын эске алуу менен кызматка дайындоого макул болгонун билдиришти. Буга чейин бийликке бир катар талаптарды коюп келген саясатчы бийлик анын талабына көнгөн үчүн кызматка баратканын айтууда.